Лейлекте селден кийинки калыбына келтирүү иши жүрүүдө

0
122

Кечээ 25-июль күнү Лейлек районунун Өзгөрүш айылында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Учурда аталган айылда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Ага ылайык, сел суулары эки турак үйгө, бир короого кирип, алты тамарка, бир аялдаманы кум-шагалга толтуруп салган. Ал эми, Катраң-Өзгөрүш чарбалык ички жолдун 6-чакырымынан болжолдуу 10 метр аралыгын сел суулары жууп кеткен.

Азыркы тапта,Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, №13 жол тейлөө ишканасы жана жергиликтүү тургундар менен тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Ага 15 куткаруучу, 20 жергиликтүү жана алты техника тартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here