Баткен шаарында миңден ашуун бала, бала бакчага кезекте турат

0
889

Мындай маалыматты бүгүн,  29-ноябрда шаардык бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, шаар аймагында жалпы 12 балдар бакчасы бар. Алардын алтоосу мамлекеттик балдар бакчасы, калганы жеке менчик балдар бакчасы.

Учурда шаар аймагында миңден ашуун наристе бала бакчага барууга кезегин күтүп турат.

Шаардагы алты мамлекеттик бала бакча жалпысынан 626 балага ылайыкташкан болсо, бүгүнкү күндө 1427 бала тарбияланууда.

Ал эми калган алты жеке менчик балдар бакчасында 15 тайпада жалпы 393 бала тарбияланып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here