Баткендин Жаңы-Жер айылында 3 млн сомго спорт зал ачылды

0
994

Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Жаңы-Жер айылында спорт зал курулуп пайдаланууга берилди. Аземге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  айыл тургундары катышты.

Бул волейболдук аянтча 2020-жылы жаштардын демилгеси менен башталып, 2021-жылы пайдаланууга берилген. Толук бүтпөгөндүгү себептүү 2023-жылы аянтчага реконструкциялоо жумуштары башталып, Баткен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 1 млн 646 миң 699 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.

Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен 1 млн 330 миң  423 сом бөлүнгөн. Аянтчага жалпы 2 млн 977 миң 122 сом акча керектелген.

Белгилей кетсек,  Жаңы-Жер айылында 1000ден ашуун кожолук жашайт. Айылда бир башталгыч, бир орто мектеп бар. Жалпы 400дөн ашуун окуучу окуйт. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here