“Баатыр элим – Баткеним” аталышындагы «Куттуу эл» республикалык улуттук форуму өттү

0
643

Форум Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилердин атышуусунда, Баткен облусунан чыккан мамлекеттик ишмерлердин айкелине гүл коюу аземи менен башталды.

Жетекчилер улуу инсандардын рухуна багыштап Куран окушту.

Андан соң мамлекеттик катчы, облус башчысы баштаган жетекчилер, боз үй жасалгалары жана каада-салт, жөрөлгөлөр жөнүндө жасалган улуттук кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн көрүп чыгышты. Иш чаранын алкагында 100 манасчы Манас айтты.

Форумдун расмий бөлүгү А.Жайнаков атындагы облустук драма театрында башталып, театрдын артисттери Баткен жергесинен чыккан белгилүү инсандардын Кыргыз мамлекетин түптөөдөгү эмгектери тууралуу  сахналаштырылган  композициясы тартууланды.

Белгилей кетсек, форум өлкө башчысы Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий- адеп ахлактык, өнүгүүсү жана дене тарбиясы, улуттук нарк жөнүндө» кол койгон жарлыгынын жана Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу максатында, Кара кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here