Кызыл-Кыяда «Best KFS» кичи кафесинен өрт чыкты

0
425

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, бүгүн, 17-май күнү таңкы саат 04:55те Кызыл-Кыя  шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан «Best KFS» кичи кафесинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жерине Кызыл-Кыя шаарындагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн атайын өрт өчүрүүчү унаасы менен 2 өрт өчүрүүчү  тартылган. Саат 05:18де өрт  чектөөгө алынып, саат 05:53тө  толугу менен өчүрүлгөн.

Натыйжада кичи кафеге жакын жайгашкан башка имараттар өрт коркунучунан сакталып калды -деп жазылат маалыматта.

Жалпы аянты 90 чарчы метрге жеткен тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда. Өрттөн жабыркагандар жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here