Тажикстанга аткезчилик жол менен эки унаа алып өткөн жарандар кармалды

0
1018

Баткендин  Кадамжай районунда Тажикстанга мыйзамсыз эки унааны алып өтүү фактысы аныкталды. Бул туурасында Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, эки кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Toyota Alphard» жана «Honda Stepwqn» үлгүсүндөгү унаалар текшерүүгө алынып, анын жүрүшүндө унаанын идентификациялык номуру техникалык паспорттогу мамлекеттик номуру менен дал келбегендиги аныкталган. 

Ошондой эле, транспорт каражаттары ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу Орусиянын аймагынан өткөнү, аталган транспорт каражаттарга транзиттик декларация толтурулганы, ага ылайык транспорт каражаттары Тажикстандын бажылык тариздөөсүнөн өтүшү керектиги аныкталган. Бирок жогорудагы жарандар жасалма мамлекеттик номурларды колдонушкан.

Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 939 825 сомду түздү. Фактылар Баткен облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди — деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here