Баткенде жарым жылда 500дөн ашуун ишкерге жеңилдетилген насыя берилди

0
249

Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Баткен облусунун биринчи жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтылды. 

Облустук бийликтин маалыматына ылайык, “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында облус аймагындагы 509 ишкерге айыл чарба багыты боюнча 207,6 млн сомдук жеңилдетилген насыялар берилди.

Ошондой эле,  айыл чарбасында өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмү 8780,3 млн. сом болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 102,6 пайызды түздү.  

Ал эми 2024-жылдын түшүмү үчүн жалпы 5916 га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндери себилген. 1-июлга карата 3028,7 тонна кылкандуу дан эгиндери жыйналып алынды.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here