Раззаков шаарынын Ак-Босого айылына жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде биричи каттам менен 700 кап БР маркасындагы көмүр алынып келинди. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти.
Ага ылайык, көмүрдүн бир мүшөгүнүн баасы 300 сомдон сатылууда.Кийинки каттам менен шаарга караштуу башка айылдардын жана шаардын калкын камсыз кылуу жагы каралууда.
Шаардык бийлик тургундарды айыл башчылар менен байланышып, тизмеге турууну сунуштап жатат.