Баткенде жол боюнда иретсиз соода кылгандарга айып пул салынды

0
939

Кечээ, 17-июль күнү Баткен шаарындагы жол боюна унааларды иретсиз коюп, коон, дарбыз саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз катчысы маалымат таратты.

Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери “соода сатык” аталышындагы рейд өткөрүүдө. Шаардыктарга жана конокторго тоскоол жаратып,  жол боюнда иретсиз соода сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрымдарына протокол толтурулуп, айып пул салынды.

Ал эми мэрия жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринде, өз билемдик менен мэрия көрсөтүп берген жерлерде эмес каалаган  жерде соода жүргүзгөн жарандарга айып пул салынаары эскертилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here