Өзбекстандан канаттууларды аткезчилик менен алып өткөн 39 жаштагы тургун кармалды

0
644

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиргендей, Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында 39 жаштагы тургун Өзбекстандан Кыргызстанга 160 толкундуу попугай жана алты төө куштун балапандарын мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган. 

Ошондой эле, тургун жүккө тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес.

Контрабандалык жүктүн жалпы суммасы 774 500 сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин жаран жана канаттуулар мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here