Кадамжайда 9 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

0
134

Бүгүн, 22-октябрь саат 12:57 чамасында, Кадамжайдын  Орозбеков айылында  «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү  унаа  батыштан-чыгышты карай бара жатып жолдун сол жагынан чуркап чыккан 9 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат катчысы Бектемир Мамытов билдирди. 

Жөө жүргүнчү денесинен жараат алып Кадамжай шаардык ооруканасына кайрылган. Бул жол кырсыктын жагдайлары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here