Баткенде 42 млн сомго жаңы «Автобекет» курулууда

0
1780

Баткен шаарынын мэриясы муниципалдык “Автобекет” куруу үчүн Чет-Булак аймагындагы Курманжан-Датка көчөсүнөн 1,0 га жер аянтын ажыраткан.

Курулушка республикалык бюджеттен, Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталган 500млн сомдун эсебинен  42,0 млн сом бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө  автобекеттин административдик имаратынын курулушу 75% ишке ашырылып, курулуш иштери уланууда.

Курулуш быйылкы жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берилүүсү пландалган.

Автобекет пайдаланууга берилсе, облустар аралык жана райондор аралык каттамдар, ички каттамдар ушул жерден жүргүнчүлөрдү салып, аймактарга чыгып кетүүсүнө шарт түзүлөт. 

Борборго жана башка шаарларга кетүүчү такси кызматтары да, шаарга кирбей автобекетке жайгаштырылат. Бул иш аракет шаардагы унаа тыгындарын азайтууга өбөлгө болот.  

Автобекетте автобустар токтоочу жайлардан сырткары административдик орундар, тамактануу соода жайлары, унаа токтоочу жайлары, коомдук ажаткана болот.

Автобекеттин айланасын көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен кошумча 2млн сом каралган.

Белгилей кетсек, мындан сырткары Баткен облусун өнүктүрүү Программасына ылайык, 2024-жылга карата шаардын Чет-Булак аймагында жайгашкан өнөр жай зонасынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 2 долбоор  сунушталып, жактырылган. Алар,

Өнөр жай аймагына 1,0 га жер тилкесине жалпы суммасы 40,0 млн сомду түзгөн 110/35/10 кВт жогорку чыңалуудагы көмөк чордонун куруу долбоору;

Өнөр жай аймагынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору. Анда  88,1 млн сомго, жолго асфальт төшөө, канализация жана суу түтүктөрүн тартуу, тротуар куруу иштери жүрөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here