Жалал-Абадда «Элге багытталган адилеттүүлүк» улуттук форуму өттү

0
980

Жалал-абад шаарындагы сот адилеттик үйүндө «элге багытталган адилеттүүлүк» улуттук форму өттү.

Форум билим менен бөлүшүү жана практикалык чечимдерди табуу аркылуу юстиция тармагындагы олуттуу өзгөрүүлөргө дем берүү максатында уюштурулду.

Форумга бийлик өкүлдөрү, сот түзүмдөрү, массалык маалымат каражаттарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, юридикалык окуу жайлардын өкүлдөрү, юристтер жана укук коргоочулар катышты.

Орто эсеп менен сот адилеттиги үйү бир күндө 350-400 жаранды кабыл алат.

Адилеттик үйүндө жети орган жайгашкан, аларды бир имаратка жайгаштыруу менен курьердик чыгымдар жоюлуп, бюджет каражат кыйла үнөмдөлсө, жалпы жарандар үчүн «бирдиктүү терезе» принцибиндеги шарт түзүлдү.

Улуттук форум кыргызстандын жогорку соту, жалал-абад облустук соту менен биргеликте usaidдин «укук булагы» долбоорунун техникалык жана эксперттик колдоосу менен өттү.

Белгилей кетсек, Жалал-абад шаарындагы адилет үйү өткөн жылдын июль айында ишке кирген. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен 40 миллион сомдон ашык каражат жана президенттин резервдик фондунан кошумча 14 миллион сом жумшалып, тиешелүү реконструкциядан өткөн.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here