Чүйдө 3 жана 1 жаштагы наристе кызамыктан көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минстрлигинен билдиришти.
Маалыматта, көз жумган наристелердин ата-энелери кызамыкка каршы эмдөөдөн баш тарышкандыгы айтылат.
Белгилей кетсек, өлкө аймагында жыл башынан бери 1704 кызамык оорусу катталган. Анын 89у Баткен облусунун аймагында аныкталган.