Лейлекте «диплом, айдоочулук күбөлүк» алып берүүнү убадалаган тургун кармалды

0
976

Лейлек районунун тургундарына диплом, айдоочулук күбөлүк алып берүүнү убадалап, акчасын алып качып жүргөн Жалал-Абад облусунун 44 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу “Салам Медиага”облустук милициянын басма сөз катчысы Акыл Амираев билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жаран Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын тургундарын былтыр июль-август айларынан бери алардын ишенимине кирип, диплом жана айдоочулук күбөлүк алып берем деп, бааланган сумманы алып, жашырып кеткен. Шектүүнүн үстүнөн 9 арыз түшкөн. 

Бул факты боюнча жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө иштери жарыяланган.  Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облусунан кармалып, Баткен облусуна алынып келип, тергөө кызматына камсыздалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө издөөдө жүргөн жаран жабырлануучуларга жалпысынан 720 миң сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги такталган. Учурда кылмышка шектүү жарандын үстүнөн, тергөө иштери уланууда.” – деп жазылат маалыматта. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here