Баткенде милиция коопсуздукту сактоодо түшүндүрүү иштерин жүргүздү

0
568

Баткендин Таян айылында милиция кызматкерлери а каттоодо турган жарандардын курал-жарактарынын сакталышын текшерүүдөн өткөргөнүн Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык милиция аталган айылда коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулукка, үй-бүлөлүк чыр-чатактарга жол бербөө, телефон алдамчыларынан сак болуу жана мал-жандыктарды кароосуз калтырбоо жагын жарандарга эскертип түшүндүрүшкөн.

Жалпы 188 кожолук текшерилип, милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга 82 эскертүү акттары берилгени айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here