Кадамжайда мыйзамсыз ташылып келген 30 миң даана жумуртка жок кылынды

0
1038

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Кадамжай районунда өлкө аймагына аткезчилик менен ташылып кирген товарлар менен күрөшүү жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 30 миң даана жумуртка жүктөгөн «Мерседес-Бенс» автоунаасы кармалган.

Жумурткага ветеринардык көзөмөл жүргүзүүдө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жана маркировкасы жок экендиги аныкталган.

Аталган жүк «Ветеринария жөнүндө» мыйзамдын жана ЕАЭБдин талаптарын бузгандыгы үчүн Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исхак-Полоткан айыл аймагында жок кылынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here