Баткенде 1 миллион сомго футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди

0
809

Райондук бийликтин маалыматына ылайык, бүгүн 17-апрелде Баткен районунун Орто-Боз айылында кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. 

Кичи футбол аянтчасы Швейцария өкмөтүнүн Кыргызстандагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана эффективдүү башкаруу долбоорунун жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн көмөгү менен жалпы суммасы 1 млн 775 миң сомго  курулду. 

Ошондой эле,  Швейцария өкмөтүнүн аталган долбоорунун алкагында Самаркандек айылында да аялдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук каана пайдаланууга берилди. 

Андан тышкары, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында балдар аянтчасы курулуп, айыл элине пайдаланууга берилди — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here