Милиция Лейлекте 76 жаштагы эненин жоготкон акчасын таап берди

0
595

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда,  ушул жылдын 10-апрель Орозо айт күнү Лейлек районунун Катраң айылынын 76 жаштагы тургуну Назакат Максутова Раззаков шаарындагы базарда кол сумкасындагы 10000 рублин жана 3000сомун жоготуп коюп, 11-апрель күнү базарда кызмат өтөгөн милицияга кайрылган.

Милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, эненин жоголгон сумкасын акчасы менен кошо таап берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here