Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев облус тургундарын 1-май эмгекчилер күнү менен куттуктады.
Анда эмгек майрамы, талыкпаган эмгектин акыбети, токчулук-молчулук, бакубат жашоо экенин айгинелеген майрамдыгын, ак эмгек, маңдай тер менен тапкан адал аштын берекесин сездирген майрамдыгын, ак эмгек менен тынымсыз аракет – жаркын келечектин ачкычы экендиги айтылат.
Ошондой эле облус башчы мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүндө, карапайым дыйкан, катардагы фермер, ишкер, чек арачы же мамлекеттик кызматкер, баарынын эмгеги зор экендигин да белгилеп өттү.