Наманганда 40 күнгө созулган гүл фестивалы башталды

0
901

19-майда, Баткен облусунан барган атайын делегация Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн, 63-Эл аралык гүл фестивалынын ачылуу салтанатына катышып келди.

Улуу Жибек жолунун боюндагы туристтик жамааттарды чыңдоого багытталган иш чара, беш жылдан бери Эл аралык деңгээлде уюштурулуп, дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинен коноктор чакырылат.

40 күнгө созулган гүл майрамында шаардагы 300дөн ашуун гүл өстүрүүчүлөрдүн эмгектери тартууланат. Шаарда гүлдүн 500дөн ашуун түрү өстүрүлөт.

Ошондой эле, Намангандыктар жыл сайын гүл майрамына келген туристтердин саны өсүп жатканын белгилешет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here