Бажы кызматынынан билдиришкендей, Кадамжай районунунда «У.М.У.» инициалындагы тургундун башкаруусундагы унаадан бажылык коштомо кагазы жок, жалпы салмагы 973,25 кг болгон «айыл чарба техникасынын жана жеңил унаалардын тетиктери» табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 378 870 сомду түзгөн.
Ушундай эле факт жаран менен «М.А.К.» башкаруусунда «Toyota Previa» үлгүсүндөгү унаасын текшерүү учурунда да аныкталган.
Өзбекстандан чыгарылган, жалпы салмагы 1479 кг болгон, эч кандай жүк коштоочу документтери жок «айыл чарба техникасынын тетиктери» табылган.
Кармалган товардын орточо базар баасы 446 миң 800 сомду түзгөн. Чогултулган материалдар Баткен облусунун прокуратурасына берилген.