Баткенде социалдык биримдикти күчөтүү максатында жаңы долбоор башталды

0
1099

Баткен облусунда социалдык биримдик маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюумунун Кыргызстандагы өнүктүрүү программасы жаңы долбоор баштады.

Долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак жана Кыштут айыл аймактарында жарандык коом менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө. 

Долбоор тынчтык куруу жана социалдык биримдик боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен биргелешкен иш-аракеттерди аткарууга жардам берет.  

Тренингдердин жыйынтыгында 60 катышуучу бири-бири менен эффективдүү баарлашып, чыр-чатактарды аныктап, алардын алдын алуу жана тынчтык жолу менен чечүү, маданий айырмачылыктарды түшүнүү жана урматтоо, биригүү жана биргелешип чечүү үчүн жергиликтүү деңгээлде жолугушууларды жана талкууларды өткөрүшөт.

Долбоордун жыйынтыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү аймактагы чыр-чатактарды алдын алуу боюнча пландарды иштеп чыгат.

БУУӨПтүн  “Жарандык коом уюмдарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоору «Биздин добуш» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here