Кадамжайда “Жаштар” борбору ачылды

0
556

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында жаштар саясатын колдоо максатында “Жаштар” борбору ачылганын Кадамжай райондук мамлекеттик адмнистрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул борбор 2020-2030-жылдарда жаштар саясатын өнүктүрүү программасынын алкаганда ишке ашкан. 

Аталган борборго Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 288 миң сомго төрт акыркы үлгүдөгү компьютерлер берилди.

Ал эми капиталдык  оңдоп түзөө иштерине 95 миң сом коротулган.

Белгилей кетсек,  Кадамжай районунда калктын 35-40%  жаштар түзөт. Жаштардын социалдык абалы жана турмуш сапаты мамлекеттин маанилүү багыттарынын бирине кирет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here