Тажикстандан өрүк алып чыккан эки кыргыз жараны кармалды

0
1553

Бул тууралуу “Салам Медиага” Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ 16-апрелде түнкү саат 4:20 чамасында Тажикстандын Ходжаи-Аълоо айлынан чыгып келе жаткан Спринтер авто унаасы токтотулуп текшерилген.

Текшерүү учурунда аткезчилик жол менен Тажикстанда өндүрүлгөн 3 тонна “кургатылган өрүк” бар экендиги аныкталган. Жалпы жүктүн баасы болжол менен 750 миң сомду түзгөн.

Мамлекеттик че арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн авто унаанын 20 жаштагы айдоочусу жана аткезчилик жүктүн ээси 25 жаштагы тургун кармалды.  

Учурда кармалган жүккө карата тиешелүү иш кагаздар толтурулууда — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here