Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

0
536

Бүгүн 30-апрелде  Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.

Иш чара алгач чек ара курмандыктарынын элесине арналып  тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарларды кою жана алардын рухтарына багышталып куран окуу менен башталды.

Иш чарага облус башчысынын биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Бул күнү чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.

Ошондой эле чек арадагы куралдуу жаңжалдарда баатырларча курман болгон жарандардын  жаркын элесине арналган, облус башчы Абдикарим Алимбаевдин, кичи футбол боюнча кубогу расмий ачылып, оюн башталды. 

Эске салсак, 2021-жылдын 28-апрелинде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында тажик тараптын өз алдынча видео байкоочу камера орнотконуна байланыштуу  чыр чыккан. 29-апрелде таңкы саат 4:40тан баштап Тажикстандын аскерлери автоматтык куралдарды, миномётторду, аскердик тик учактарды, оор бронетехниканы, артиллерияны жана башка куралдардын түрлөрүн Баткен облусундагы тынч жаткан элге карата колдонгон.

Чек арадагы ок атуулардын кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза тапкан 189 киши жарадар болгон. Маркумдардын ичинен 25 киши «Головной» аймагына атылган миномёттон көз жумган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here