«Акыркы коңгуроого» акча чогултууга тыюу салынды

0
525

Билим берүү министрлиги бул буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызмат орундарынан бошотулушу мүмкүн экенин эскертти.

Мектеп директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү үчүн акча чогултууга, бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат — деп айтылат маалыматта.

Коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Ал эми мектеп аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here