Лейлектеги селдин кесепетин жоюу боюнча иш-аркеттер жүрүүдө

0
356

Кечээ 5-майда Баткен облусунун Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Сел суулары Лейлек районунун Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл аймактарында, Сүлүктү, Раззаков шаарында жана Ош — Раззаков унаа жолунда жүргөн. Лейлек районунундагы сел кырсыгында бир дүкөнгө, жети үйдүн короосуна, алты жер төлөөгө сел суулары кирип, беш убактылуу жасалган көпүрөлөрдү агызып, төрт бодо мал селге аккан.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тийиштүү кызматтар селдин кесепетин жоюу боюнча  ыкчам иш аракеттерди көрүүдө. Сел жүргөн аймактарда кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев тапшырмаларды берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here