Милиция кызматкерлерине инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо тапшырмасы берилди

0
278

Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 17-майда онлайн режиминде өткөн кеңешмеде милиция кызматкерлерине инвесторлордун мыйзамдуу кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо тапшырмасы берилди. 

Ошондой эле, Президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо” жөнүндө жарлыгынын негизинде, биздин өлкөгө келген инвесторлор, өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында ишмердик жүргүзүп жатышкан чакан, орто жана ири бизнестеги ишкерлер өздөрүн коопсуз жана ээн эркин сезиши керек. 

Ал эми, ички иштер министрининин башчысы кайсы бир райондо же облуста, тоо-кен тармагында же бизнес жаатында нааразычылыктар орун ала турган болсо, ал маселе чечилбесе, түшүндүрүү иштери жүргузүлбөсө анда ошол аймакка жооптуу жетекчилердин жоопкерчилигин карап, чечим кабыл аларын айтты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here