Баткенде издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунан кармалды

0
774

Баткенде мамлекетке өткөрүлгөн унааны кайтарып берүүнү убадалап, алдамчылыкка шектелген Ысык-Көл облусунун 41 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жарат Баткен районунун 44 жаштагы тургунунун райондук сот тарабынан конфискацияланган автоунаасын чыгарып берем деп, ишеничине кирип 280 миң сом акчасын алган. Кийинчерээк ал изин жашырып, качып кеткен.

Бул факты боюнча  10-январда Баткен ШИИБне жазык  кодексинин “Алдамчылык”  беренеси менен сотко чейинки тергөө иштери башталып, издөө иши ачылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here