Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжайдын Исхак-Полотхан аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери санэпидем, ветеринардык көзөмөл кызматы, милиция кызматкерлери менен Жеңиш айылындагы “Баяман баатыр” базарында азык-түлүктөргө текшерүүлөрдү жүргүздү.
Текшерүүнүн максаты коңшулаш мамлекеттерден аткезчилик менен келген азык-түлүктөрдү аныктоо жана алардын сапатын көзөмөлдөө.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аткезчилик менен алынып келинген азык-түлүктөр аныкталган жок.
Милиция кызматкерлери базарда жол тыгындарын жоюу, базарга келген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында айдоочулар менен иш алып барды. Жыйынтыгында 6 айдоочуга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.