Кадамжайдын «Баяман баатыр» базарынын санитардык абалы текшерилди

0
117

Кадамжайдын Исхак-Полотхан айыл аймагында жайгашкан «Баяман баатыр» базарынын санитардык абалы текшерилди. Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда азык-түлүк саткан ишкерлердин медициналык кароодон өткөндүгү боюнча документтери текшерилди. Ошондой эле соода-сатык кылуу учурунда талап кылынган атайын формалар текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары  рейддик иш чара эт саткан сатуучуларга, тез татым жайларына да жүргүзүлүп, форманы убагында жууп тазалоо, санитардык эрежелерди сактоо керектиги түшүндүрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here