Зардалыга 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат

0
64

Баткендин Зардалы айылына кубаттуулугу 29 мегаваттык чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жашыл экономика фондунан билдиришти. 

Фонддон маалымдашкандай, долбоордун суммасы дээрлик 1,6 млрд сомду түзөт. Чакан ГЭС 6,31 гектар аянтка Зардалы дарыясынын нугуна салынат. 

Бул долбоор Баткен районунун алыскы айылдарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо максатын көздөйт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here