Баткенде бир жылдан бери алдап жүргөн 25 жаштагы жаран кармалды

0
803

Баткенде бир жылдан бери алдап жүргөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Баткенде Кызыл-Жол кварталынын 35 жаштагы тургунунун Опел-Астра үлгүсүндөгү автоунаасын 140миң сомго баалап, үч ай ичинде акчаңды берем деп өткөн жылдын 7-майынан бери качып жүргөн.

Натыйжада, издөөдө жүргөн жаран Бишкек шаарынан кармалып, Баткен шаарына алынып келди.

Бул факты жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here