Баткендин Лейлек районунда жаңы мектептин ачылуу аземи болду

0
374

Баткендин Лейлек районунундагы Сумбула айыл аймагынын Сары-Дөбө айылында жаңы мектептин ачылуу аземи өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сары-Дөбө мектеби бир жыл ичинде курулуп бүтүп, 150 орунга ылайыкташкан. Учурда 216 окуучу билим алууда.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев аталган мектептин ачылуу аземинде: «Татыктуу билим берүү үчүн жетиштүү шарттын болуусу зарылдыгын, балдарга жетиштүү билим берсек, анын сөзсүз кайтарымы болорун, билимдүү жаштар өлкөнүн экономикасын көтөрөрүн, өлкөнү өнүктүрөрүн» өз сөзүндө белгилеп айтты..

Эске салсак, өткөн жылы өлкөдө Президент Садыр Жапаровдун  тапшырмасы менен 100 мектептин курулушу жүргөн.

Анын ичинде  21 мектеп  Баткен облусунда ачылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here