Кызыл-Кыяда уурулукка шектелген 50 жаштагы аял кармалды

0
975

Бул тууралуу “Салам Медиага” облустук милициянын басма сөз катчысы Акыл Амираев кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалган жарандын үстүнөн Кызыл-Кыя шаарынын 63 жаштагы жарандын  үйүнө белгисиз адам кирип, үйүнүн ичинде турган сумкасынын ичинен 100 миң сомдук алтын буюмдарын уурдап кеткендиги боюнча арыз менен кайрылган. 

Бул факты боюнча  кылмыш жаща кодексинин Уурулук беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Ошондой уурдалган алтын буюмдарды шектүү катып койгон жеринен алып, толугу менен жабырлануучуга өткөрүп берилди.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here