Кадамжайда өндүрүлгөн жумурткалар ветеринардык коштомо кагаз менен сатылат

0
686

Кадамжайда аткезчилик аркылуу ташылып кирген жумурткага бөгөт коюу менен бирге тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик, ишкерлер менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында мындан ары сатылып жаткан жумурткалардын мыйзамдуулугу Кадамжай райондук ветеринария кызматы тарабынан көзөмөлгө алынары, ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукцияларга мөөр басылып, ветеринардык коштомо кагаздар менен сатылуусу зарылдыгы айтылды. 

Ошондой эле ишкерлер тез арада тиешелүү кызматтарга кайрылып, каттоого туруусу зарылдыгы эскертилди.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here