Өзгөчө кырдаалдар министри Ак-Сайдагы өрт өчүрүүчүлөрдүн даярдыгын текшерди

0
675

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жумушчу сапарынын алкагында ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядында да болду.  Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, министр Баткен районунун аймагындагы Убактылуу жайгаштыруу пунктунда болуп, суу, электр энергиясы жана тамак-аш менен камсыздоо боюнча көзөмөл жүргүздү.

Ал эми Баткен районунун токой чарбасында болгон жолугушууда министр аталган кызматтын жетекчилиги жана кызматкерлери менен маек куруп, имараттын айланасын иреттөө, тазалоо иштерин жүргүзүүдө кемчиликтерди жоюу тапшырмасын койду. Андан тышкары, алдыда токой чарбасынын техникалык потенциалын, кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу милдети тургандыгын баса белгилеп өттү.

Ал эми чек арада жайгашкан Ак-Сай Өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн жаңы түшкөн имаратында өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын текшерип, мындан ары да белгиленген тартипте даярдыкты, ошондой эле өрт өчүрүүчү автоунаалардын техникалык абалын камсыздоо милдетин койду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here