Баткенде Чернобыль апаатынын катышуучулары эскерилди

0
369

Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Ага  ылайык, эскерүү иш чарасына Президентин Баткендеги өкүлүнүн орун басары  Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө авариянын кесепеттерин жоюуга катышкандардын урматына тургузулган эстеликке гүл коюлуп, алардын рухтарына багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, авариянын кесепеттерин жоюуга беш миңдей кыргызстандык катышкан. Анын  146 сы Баткен облусунун тургундары болгон. Бүгүнкү күндө алардын 72си арабызда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here