Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода жетектеген делегация менен жолугушту.
Бул тууралуу райондук бийликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу Баткендин Ак-Сай айыл өкмөтүнүн, Тажикстандын Исфара районунун Хочаи-Аъло айылы менен чектешкен Тумба жеринде болду. Ал эми бул жолку жолугушуунун максаты массалык баш аламандыкка жол бербөө, эки элдин ортосунда тынчтыкта сактоо, 25-май акыркы коңгуроо салтанаттарын коопсуз, тынч өткөрүү жана чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо.
Учурда Баткен районунунда коомдук саясий абал тынч.