Баткенде жол кырсыгы катталып, бир өспүрүм жабыркады

0
39

Бүгүн, 20-сентябрда эрте мененки саат 10:25тер чамасында Баткендин Бужум айылында жол кырсыгы катталып, кысактан эки киши жабыркады. Бул тууралуу Салам Медиага облустук милициянын ЖКККБ басма сөз катчысы Бектемир Мамытов кабарлады. 

Маалыматка караганда Жалал-Абад облусунун Базар- Коргон районунун  20 жаштагы тургуну башкарган “Ваз 2107” үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, Сайназаров көчөсү менен Матисламов көчөлөрүнүн кесилишинде  Бужум айылынын  “Мерседес-Бенз” үлгүсүндө  унаасы менен кагылышып кеткен. 

Натыйжада ВАЗ 2107  үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аймактык орууканага жеткирилген. Ал эми   “Мерседес-Бенз”  үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги бир өспүрүм облустук оруканага кайрылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here