Президент Зардалыга барды

0
41

Кечээ, 29-сентябрда Президент Садыр Жапаров Баткендин Зардалы айылына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы алыскы аймактардагы калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров 2025-жылдын февралында калктуу конушка баруучу жолдун курулушу башталаарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Ал эми жергиликтүүлөр уюлдук байланыш маселесин да көтөрүп, бул боюнча Садыр Жапаров Президенттик Администрацияга тиешелүү тапшырмаларды берди, — деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here