Кадамжайда аткезчилик фактысы аныктылды

0
119

Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Кадамжай районунун Бүргөндү айылындагы Баткен-Ош автожолунда,өзбек жаранынын башкаруусунда «DAEWOO NEXIA» үлгүсүндөгү автоунаа каражатына бажылык кароо жүргүзүүдө, бажылык  тариздөөнү тастыктаган тийиштүү документтерсиз, Өзбекстанда өндүрүлүгөн, жалпы салмагы 37. кг. ашык, 110 жуп бут кийимдери табылган.

«Капитал-Ист» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, аталган жүктүн жалпы наркы 123 500 сомду түздү.

Автоунаа каражаты иштин бардык жагдайлары такталганга чейин убактылуу сактоого берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here