Кадамжайда сот пробация берген үч адамга электрондук билериктер тагылды

0
157

Бул тууралуу Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Ош жана Баткен облусу боюнча аймак аралык башкармалыгынан кабарлашты.

Эгерде билерикти  өз алдынча чечүүгө  аракеттенсе же белгиленген чек арадан чыкса, борбордук апараттын маниторинг борборуна айгай белгиси берилет. Ал электр тогу менен кубатталат. Электрондук билерик кардарлардын баарына эле тагылбайт. Ал кылмышкерлердин сот тарабынан чыгарылган чечимине байланыштуу болот.

Электрондук көзөмөл эки жол менен жүрөт. Анын биринчиси — электрондук билерик, экинчиси — мобилдик тиркеме. Электрондук билерик аркылуу соттолгон адамдын админстративдик аймактан чыкпоосу, белгилүү бир жерлерге барбоосу, жайгашкан жери GPS аркылуу көзөмөлдөнүп, кайда барып келгени жазылып калат.

Белгилей кетсек, электрондук тиркеме кыргызстандык программистер тарабынан иштелип чыккан. Ал кардардын телефонуна орнотулуп, GPS аркылуу кардардын кайда

жүргөнү көзөмөлдөнөт жана күнүнө үч жолудан идентификациядан өткөрүлөт. 

Ал эми тиркерме Кадамжай районунда 12 адамдын

телефонуна орнотулуп көзөмөлдөнүүдө. Каттоодо турган бардык

кардарлардын кол телефондоруна орнотуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Кадамжай району боюнча пробация органында 79 кардар каттоодо турат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here