Башкы прокурор Максат Асаналиев Баткен облусуна иш сапары келип, Раззаков жана Баткен шаарларынын тургундары менен жолукту.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууга келген тургундар, ишкерлердин укуктарын коргоо, чет өлкөдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга өткөрүү, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, тергөө иштеринин жүрүшү, кылмыш иштерин сотто кароону эртелетүү, жер маселеси жана соттук териштирүүлөр боюнча маселелерге кайрылышты.
Асаналиев бул багытта кызматкерлерге тийиштүү тапшырмаларды берди.