Жалал-Абадда кызын сабап, видеого таркан 41 жаштагы ата кармалды. Бул тууралуу облустук милиция маалымат таратты.
Кармалган тургун, ушул жыллдын 14-ноябрында аялын эч бир себепсиз уруп үйүнөн кууп чыккан. Ал чоң кызы менен кеткен. 41 жаштагы ата үйдө бир уулу бир кызы менен калган. Аялына беш жаштагы кызын сабап, видеого тартып, “үйгө кел” – деп коркуткан.
Бул факты боюнча кармалган кишинин аялы, 10-7 жана беш жаштагы балдарына соттук-медициналык экспертиза дайындалды.