Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аяктады.
Бүгүн, 4-декабрь күнү Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө теңтөрагалар чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топторго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо тапшырмаларын беришти.
Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.