Жаш жубайлар Наргиза жана Даниярдын ийгиликтүү бизнес сапары

0
150

Наргиза Орозбай кызы жана Данияр Хабибуллаев Лейлектин Искра айылында кичинекей кайра иштетүүчү ишкананы ачышкан. Жубайлар үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын ойлоп табигый азыктар менен жашоого өз салымдарын кошууну максат кылып келген. Алардын бул максатын “Аялдар тынчтык тиреги” долбоору  колдоого алган. 

   

Наргиза  үйүнүн бир бөлүгүн, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү өнөр жай аянтына айландырып алган. Бул бөлмөдө табигый азыктардан жасалган чипсыларды жана башка азыктарды даярдалат. 

Наргиза жана Данияр жаңы технологияларга көңүл буруп, “Роза Отунбаева Демилгеси” фондунун колдоосу менен, жубайлар кургатуучу аппарат алып, ал аркылуу мөмө-жемиштерди 8 саатта гана кургатып, чыпсыларды даярдай алышат. Мындан мурун алар күндүн жарыгында кургатып жатканда, жамгыр жаап кетсе, мөмө-жемиштердин сапаты начарлап, кыйынчылыкка учурачу. Эми болсо, жаңы аппарат бул маселени толук чечип, чыпсылар жана башка кайра иштетилген азыктар сапаттуу чыгууда.

Данияр жана Наргиза бул долбоорду жайкысын пландаштырган, бирок кийинчирээк сатууга да кызыгышкан. Бул тууралуу Наргиза өзүнүн ойлору менен бөлүшүп: «Бул биздин үй-бүлө үчүн гана эмес, айлана-чөйрө үчүн да пайдалуу экенин көрүп, биз бул ишти өнүктүрүүнү каалаганбыз» дейт. Алманын түбүндө калган мөмө-жемиштерди иштетип, натуралдуу азыктарды даярдоо – алардын идеясынан чыгып, азыр ишкерликке айланды.

Наргиза өзүнүн тажрыйбасында жана ишкердик жолунда аялдардын ордун баса белгилейт. Анын пикиринде аялдардын туруктуулугу жана ишеними үй-бүлөдө чоң таасир калтырып, жашоонун сапатын жогорулатат. Ошондуктан, аялдарга ишенүү жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн ачуу бизнес үчүн да, жалпы коом үчүн да маанилүү болуп саналат.

 

Наргиза жана Данияр Хабибуллаевдердин ишкердиги — бул үй-бүлөнүн кыялдарынын биригишинин үлгүсү. Ишеним, туруктуулук, жана аялдардын күчү — бул чоң өзгөрүүлөрдүн жана ийгиликтердин ачкычы.

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here