Баткенде “Коомдук жайдагы коопсуздук” аталышындагы иш чара өттү

0
21

Бүгүн, 27-ноябрда Баткен шаарында милициянын демилгеси менен укук бузуулардын алдын алуу, коомдук жайдагы кылмыштуулукту болтурбоо багытында “Коомдук жайдагы коопсуздук” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү.

Иш чара эки бөлүктөн туруп, анын биринчи бөлүгүндө “Зордук-зомбулукка жол жок” деген ураан менен жөө жүрүш өтүп, андан соң экинчи бөлүктө жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана аялдарга карата зомбулук фактыларын азайтуу маселелерин талкуулаган жыйын өттү. Жыйынга бир катар бийлик, Баткен районундагы мекеме ишканалардын өкүлдөрү, күч түзүмдөрүнүн башчылары жана дин өкүлдөрү катышты. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here