Кызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалды

0
18

Баткен облустук милициясы соцтармактардагы Кызыл-Кыя шаарында белгисиз балдардын топ болуп мушташкан видеосу боюнча маалымат берди.

Окуя 23-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы “Таштемир ажы” базарынын батыш тарабында орун алып,  Ноокат районунун Кулатов айыл аймагынын 17 жаштагы төрт өспүрүм бара жатканда алдынан аларга бейтааныш балдар чыгып, аларды себепсиз урушкан.

Бул фактынын негизинде жазык кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен сотко чейинки тергөө иштери башталып, жараат алган балдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы белгисиз болгон балдар аныктап, 12 өспүрүмдү кармады.

Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here